Бишкекте ишкерлерге мыйзамсыз айып салган кызматкерлерге чара көрүлдү

Укук тартиби Загрузка... 27 Ноябрь 2025 17:53
проверка.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Бишкекте ишкерлерге мыйзамсыз айып салган кызматкерлерге чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын мамлекеттик Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери ишкерлерге пландуу текшерүүлөрдү өткөрүүдө "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамын бузушкан. Тактап айтканда, алар жазуу жүзүндө эскертүү жана контролдук текшерүүнүн ордуна, мыйзамсыз айып пул салуу практикасын колдонушкандыгы аныкталган.

Натыйжада борбордун 9 кызматкерине Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 15 миң сомдон айып салынды. Ошону менен катар сунуштаманын негизинде 4 бөлүм башчысы тартиптик жоопкерчиликке тартылды.