Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорт Загрузка... 19 Декабрь 2025 11:27
1773147.d4278e287c30be91f1ed009f7879d0cd.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. 22-декабрдан 25-декабрга чейин Бишкекте чоңдор арасында Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш "Жаштык" кичи аренасында өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 22-23-декабрь күндөрү уюштурулуп, балбандар төмөнкү 10 салмактык категорияда күч сынашат: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 92 жана 130 кг.

Эркин күрөш боюнча беттештер 24-25-декабрь күндөрү өтүп, спортсмендер 10 салмак ченинде таймашат: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг.