Бишкекте гиря көтөрүү боюнча дүйнө биринчилиги башталды

Спорт 21 Апрель 2026 16:05
1.jpg
675649193_975859974787220_2330708887781844260_n.jpg
675739797_975860114787206_1252144804445457800_n.jpg
677051701_975860151453869_1873597105758757395_n.jpg
677202401_975860094787208_2028181876642501352_n.jpg
677367585_975860034787214_4120312076786826221_n.jpg
678236893_975860048120546_1130163527556326740_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте гиря көтөрүү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө биринчилиги башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Чемпионат "Газпром-балдарга" дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.

Биринчиликке 16 жана 18 жашка чейинки 9 өлкөдөн келген спортчулар катышып, жалпы 300гө жакын балбандар күч сынашууда.

Спортчулар төмөнкүдөй салмак ченинде күч сынашат.

16 жашка чейинки:

  • эркектер: -53 кг; -58 кг; -63 кг; -68 кг; +68 кг;
  • кыздар:  -53 кг; -58 кг; +58 кг.

18 жашка чейинки:

  • эркектер: -58 кг; -63 кг; -68 кг; -73 кг; -78 кг; +78 кг;
  • кыздар: -58 кг; -63 кг; +63 кг.

Мелдештер 23-апрелге чейин уланат.