Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарында машыктыруучулардын 2026-жылдагы курултайы башталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, улуттук курама командалардын машыктыруучулары менен эл аралык адистер баяндама жасап, панелдик талкуулар өтүп, жаш оюнчуларды даярдоо системасы, таланттарды өнүктүрүү жана улуттук курама командаларга оюнчуларды тандоо маселелери каралууда.
Курултайга КФБнын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, вице-президенти Дастан Конокбаев, башкы катчысы Медербек Сыдыков, улуттук курама командалардын башкы машыктыруучулары жана өлкөнүн бардык аймактарынан 300дөн ашуун машыктыруучулар жана футбол адистери катышууда.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 1339 футбол машыктыруучусу иш алып барат. Алар академияларда, спорт мектептеринде, клубдарда жана улуттук курама командаларда футболчуларды тарбиялап, өлкөдөгү футболдун өнүгүшүнө салым кошуп келишет.