Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. 22-23-февраль күндөрү Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплексинде эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) арасында XXVIII эл аралык мелдеши өтөт.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелдеш СССРдин спорт чебери, Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раджап Жанаевдин жаркын элесине арналып уюштурулууда.
Белгиленгендей, жеңүүчүлөрүнө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар 45, 48, 51, 55, 60, 65, 71, 80, 92, 110 кг салмак категорияларында күч сынашат.