Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Жаштык" аренада өтүп жаткан чемпионаттын биринчи күнүндө 57, 65, 74, 86 жана 97 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтүүдө.
Жыйынтыгында I, II жана III орундарды ээлеген спортсмендер медаль жана дипломдор менен сыйланып, Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамына киргизилет.
Мелдештин жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук курама командасын 2026-жылы өтө турган Азия чемпионатына, Дүйнө чемпионатына, эл аралык жана лицензиялык турнирлерге катышуу үчүн тандоо жүргүзүлөт.