Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Бишкек шаарында "Кыргызстандын суулары, тоолору жана мөңгүлөрү, туруктуу келечек" аталышындагы эл аралык конференция өтүүдө.
Конференция Кыргыз улуттук университети жана “Жашыл энергетика” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.
Конференциянын максаты — мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, илимий жана эксперттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүн бириктирип, суу ресурстары жаатындагы стратегиялык артыкчылыктарды, мөңгүлөрдү сактоо маселелерин жана улуттук деңгээлде туруктуу суу-климат диалогун түзүү маселелерин талкуулоо болуп саналат.
Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев, Улуттук университеттин ректору Догдурбек Чонтоев, “Жашыл энергетика” коомдук фондунун төрагасы Анара Султангазиева, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, Кыргызгидромет кызматынын адистери, экологдор, айыл чарба кызматкерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.