Бишкекте эл аралык профессионалдык бокс турнири өтөт

Спорт Загрузка... 10 Март 2026 17:10
4.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. 17-19-апрелде Бишкекте ири масштабдагы эл аралык профессионалдык бокс турнири өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Мелдешке Мексика, Япония, Таиланд, Уганда жана башка өлкөлөрдөн келген дүйнөлүк деңгээлдеги мушкерлер катышат.

Турнирдин алкагында WBA жана WBA Asia уюмдарынын чемпиондук курлары ойнотулат. Башкы беттеште Давид Хименес (Коста-Рика) менен Аюму Сано (Япония) WBA куру үчүн күч сынашат.

Рингге Кыргызстандын 13 мушкери чыгат. Алардын арасында Самат Абдрахманов, Дилмурат Сатыбалдиев, Санжай Сейдакматов жана Өмүрбек Бекжигит уулу сыяктуу белгилүү спортчулар бар.

Белгиленгендей, мелдеш Японияда түз эфирде көрсөтүлөт. Бул иш-чара кыргыз боксун гана эмес, өлкөнүн спорттук туризмин дүйнөлүк аренада таанытууга чоң өбөлгө түзөт.

Турнир үч күнгө созулуп, профессионалдык бокстун жогорку деңгээлдеги кармаштары менен коштолот.