Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Бишкекте "Жасалма интеллект, инновация жана санарип технологияларды колдонуу менен жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларда интеграцияны жүргүзүүнүн заманбап моделдери" аттуу эл аралык медициналык илимий форум жана "Миррахимов окуулары" аттуу илимий-практикалык конференция башталды.
Форумга ШКУнун саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана өнөктөштөр, анын ичинде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү катышууда.
Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов белгилегендей, форум жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларды дарылоодо заманбап ыкмаларды ошондой эле медицинада инновация, санарип технология жана жасалма интеллектти ишке ашырууну талкуулоо үчүн аянтча болуп кызмат кылууда.
"Кыргызстан кардиология жана жугуштуу эмес ооруларга өзгөчө көңүл бурат. Бул чөйрөдөгү мамлекеттик стратегия президент тарабынан өткөн жылы бекитилген "Саламат жүрөк 2025–2030" улуттук программасында чагылдырылган", - деп айтты ал.
Анын айтымында, программа эрте өлүмдү азайтуу, алдын алууну күчөтүү, медициналык жардамдын бейтапка багытталган моделин иштеп чыгуу жана клиникалык практикага санариптик аналитикалык куралдарды киргизүүгө багытталган.
Өз кезегинде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдиргендей, жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулар дүйнө жүзү боюнча саламаттыкты сактоо системалары үчүн негизги көйгөй бойдон калууда. Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн жарымынан көбүн түзөт, ал эми жугуштуу эмес оорулар менен айкалышканда, алар болжол менен 80%ды түзөт.
“Бул сандар адамдардын өмүрүн, тагдырын жана үй-бүлөсүн чагылдырат. Ошондуктан биздин милдетибиз – дарылоо гана эмес, ошондой эле алдын алуу, диагноз коюу жана медициналык жардамды көрсөтүү”, - деп кошумчалады ал.
Эл аралык форумдун программасына талкуулар жана мастер-класстар киргизилген:
- Кыргызстандын рентгенхирургдарынын биринчи жыйыны;
- медицинада жасалма интеллект жана санариптик технологияларды ишке ашыруу боюнча талкуулар;
- жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо боюнча эл аралык сессиялар жана мастер-класстар;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Россия жана Казакстандын алдыңкы медициналык борборлорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу;
- ШКУнун Ооруканалар альянсынын 8-конференциясы.