Бишкекте экстремалдык көчө спорт түрлөрү боюнча фестиваль өттү

Спорт 21 Июль 2026 11:05
1784552352.jpeg
1784552331.jpeg
1784552338.jpeg
1784552344.jpeg
1784552364.jpeg
1784552371.jpeg
1784552377.jpeg
1784552383.jpeg
1784552396.jpeg
1784552401.jpeg
1784552407.jpeg
1784552605.jpeg
1784552612.jpeg
Алдыга
Артка
1784552352.jpeg
1784552331.jpeg
1784552338.jpeg
1784552344.jpeg
1784552364.jpeg
1784552371.jpeg
1784552377.jpeg
1784552383.jpeg
1784552396.jpeg
1784552401.jpeg
1784552407.jpeg
1784552605.jpeg
1784552612.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. 18–19-июль күндөрү Бишкек шаарында экстремалдык көчө спорт түрлөрү боюнча фестиваль өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын спортчулары катышты.

18-июлда "Ынтымак-2" паркындагы скейт-паркта BMX, скутер жана паркур боюнча мелдештер өткөрүлдү. Аталган дисциплиналар боюнча жалпы 70 спортчу күч сынашты.

19-июлда "Адинай" паркындагы воркаут аянтчасында воркаут боюнча чемпионат өттү. Сүйүүчүлөр категориясында 30 катышуучу өнөрүн көрсөтсө, кесипкөйлөр арасында 10 спортчу күч сынашты.

Фестивалдын өзгөчө көркүн аба гимнасттарынын көрсөтмө өнөрлөрү ачып, алар иш-чаранын катышуучулары үчүн чеберчилик сабагын да өткөрүштү.

Фестивалдын алкагында эки күн бою мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аутизм спектри бузулган жана Даун синдрому бар балдар үчүн атайын программа уюштурулду. Алар үчүн ар кандай оюндар, көңүл ачуучу иш-чаралар, чеберчилик сабактары жана сынактар даярдалып, бардык балдар таттуу белектерге жана жагымдуу маанайга ээ болушту.