Жаш Гвардия жана Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жаңы жол түйүнү курулат

Коом Загрузка... 14 Апрель 2026 13:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу Бишкекте жергиликтүү бюджеттин эсебинен ири масштабдуу жол долбоору ишке ашууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.

Анын айтымында, шаарда мурда көптөгөн жолдор салынган, бирок эң амбициялуу долбоор учурда Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде ишке ашырылууда.

"Долбоор 2025-жылы даярдалып, быйылкы планга киргизилген. Курулушу иштери апрель айынын аягында башталып, күзгө чейин уланат. Курулуш учурунда Лев Толстой көчөсү жана Жаш Гвардия бульварынын кесилиши жабылат. Албетте, бул белгилүү жол тыгынын жаратат. Анткени эки багытта тең унаалар көп жүрөт, бирок дал ошондуктан бул жерге ири жол түйүнүн курууну чечтик", - деп белгиледи Жанболотов.

Жаңы жол түйүнүн өзгөчөлүктөрү:

  • Лев Толстой көчөсү Жаш Гвардия бульварынын үстүнөн экинчи кабат (жол өтмөгү) аркылуу өтөт;
  • Жаш Гвардия бульвары менен жүрүүчү унаалар жол өтмөгүнүн астынан өтөт.

Белгилей кетсек, бул тилкеде жол чырактары толугу менен алынып, унаа кыймылы үзгүлтүксүз болот.

Долбоордун негизги кыйынчылыктарынын бири бул аймакта 64 объект, негизинен май куюучу жайлардын жайгашканы болду. Ошондой эле “Бета Чай” компаниясынын кампасы жана дагы бир жеке компаниянын жери буздурулмай болду.

"Учурда алардын ээлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана бузуу иштери башталды. Райондук администрация кенемте маселелери боюнча иштеп жатат, алынган жердин ордуна башка жер тилкелери берилиши мүмкүн", - деп түшүндүрдү Жанболотов.

Ал белгилегендей, негизги жол өтмөгүнөн тышкары, Ала-Арча дарыясы аркылуу өтө турган эки жаңы көпүрө курулат.

  • Биринчи көпүрө Жаш Гвардия бульварын Бакаев көчөсү менен байланыштырат.
  • Лев Толстой жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски көпүрөнүн ордуна жаңысы курулат. Бул заманбап, кеңейтилген көпүрө болот.
“Жолду ушул жылдын октябрь айына чейин толугу менен ачууну пландап жатабыз, бирок бул этап-этабы менен ишке ашырылуучу долбоор”, - деп айтты ал.