Бишкекте үч жаңы өнөр жай объектиси ачылды

Коом 14 сентябрь 2026 09:05
803635440_1570914628417719_6926951436881878062_n.jpg
801883179_1570914808417701_7945972756041593855_n.jpg
802276261_1570914875084361_3336761959592679154_n.jpg
801883175_1570914915084357_1918354639217160523_n.jpg
802899662_1570914818417700_1255324159317742531_n.jpg
802899678_1570914858417696_5305841841368179054_n.jpg
802030637_1570914905084358_7860458287452435125_n.jpg
802030634_1570914955084353_7282967760830103592_n.jpg
805752667_1570914761751039_5134683380119188726_n.jpg
802504066_1570914661751049_235172941471649360_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата үч жаңы өнөр жай объектиси ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, биринчи объект "КыргызТрансформатор” ЖЧКсынын базасында ишке киргизилген трансформаторлорду өндүрүүчү жаңы цех болуп саналат. Долбоорго 262 млн сом инвестиция салынган.

Экинчи объект “Биринчи индустриалдык комплекс” ЖЧКсынын кошумча кондитердик цехи. Объектке 306 млн сом инвестиция жумшалган.

Үчүнчү объект болуп курулуш металл конструкцияларын жана металл буюмдарын өндүрүүгө адистешкен “Флагман компани” ЖЧКсынын жаңы ишканасы эсептелинет. Долбоорго 175 млн сом инвестиция салынган.

Жалпысынан аталган үч объектти ишке киргизүүнүн алкагында 250дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлөт.