Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында буу түтүктөрүн жылытуу жана ишке киргизүү иштери жүргүзүлөт.
Мэриядан маалымдашкандай, иштер темир жол боюнда Коенкозов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин аткарылат.
Ишкана тургундарды убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.