Бишкекте бел боо күрөшү боюнча шаардык чемпионат өтүүдө

Спорт 24 Май 2026 12:25
IMG_3324.jpeg
IMG_3325.jpeg
IMG_3323.jpeg
IMG_3322.jpeg
IMG_3321.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3324.jpeg
IMG_3325.jpeg
IMG_3323.jpeg
IMG_3322.jpeg
IMG_3321.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.05.26. /Кабар/. Р.Санатбаев атындагы Спорттук балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин базасында бел боо күрөшү боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтүүдө.

Мэриянын маалыматына ылайык, турнир 22-майдан 24-майга чейин уланат. Мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан жалпысынан 221 спортчу катышууда.

Чемпионат өспүрүм балдар жана кыздар арасында эки жаш курактык категорияда өтүп жатат:

  • 2006–2008-жылдары туулгандар;
  • 2009–2011-жылдары туулгандар.

Иш-чаранын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов жана Бел боо күрөшү федерациясынын вице-президенти Ражапбек Кенжебаев катышты.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, чемпионаттын негизги максаты — бул спорттун түрүн өнүктүрүү жана жайылтуу, катышуучулардын чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле тандалма спортчуларды аныктоо болуп саналат.

“Мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен Кыргыз Республикасынын Бел боо күрөшү федерациясынын биргелешкен аракети менен уюштурулду”,-деп айтылат билдирүүдө.