Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. 3-9-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында көрүнүктүү балерина, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган “Улуу-Элес” аттуу II ачык эл аралык балет артисттеринин сынагы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, сынакка Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытай, Япония жана Италиядан балет артисттери, кесиптик хореографиялык окуу жайлардын студенттери жана балетмейстер-хореографтар катышат.
Алар дүйнөлүк балет классикасынан вариацияларды, дуэттерди жана заманбап хореографиялык чыгармаларды тартуулашат.
Сынактын калыстар тобун Россиянын эл артисти, Большой жана Мариин театрларынын мурдагы премьери, балетмейстер жана хореограф Андрис Лиепа жетектейт. Ал эми калыстар тобунун теңтөрайымы Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, балерина жана педагог Рейна Чокоева болот.
Сынактын көркөм жетекчиси — Кыргызстандын эл артисти Айзада Тумакова.
Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланат. Ошондой эле “Мыкты дебют”, “Мыкты техника” жана “Аткаруучулук чеберчилик” номинациялары боюнча атайын сыйлыктар тапшырылат.
Сынактын байге фонду республикалык бюджеттин эсебинен түзүлүп, башкы байге — Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымындагы Гран-при үчүн 200 миң сом каралган.
Иш-чара Маданият министрлиги жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры тарабынан уюштурулуп жатат.