Бишкекте бал бийи боюнча шаар чемпионаты өттү

Спорт 05 Май 2026 12:02
IMG_0476.jpeg
IMG_0474.jpeg
IMG_0477.jpeg
IMG_0478.jpeg
IMG_0479.jpeg
IMG_0480.jpeg
IMG_0475.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0476.jpeg
IMG_0474.jpeg
IMG_0477.jpeg
IMG_0478.jpeg
IMG_0479.jpeg
IMG_0480.jpeg
IMG_0475.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 05.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын 148 жылдыгына арналган спорттук бал бийи боюнча шаар чемпионаты өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мелдешке 5 жаштан жогорку курактагы, анын ичинде чоңдор да болуп, жалпы 600гө жакын спортчу катышты. Катышуучулар ”соло” жана ”жуп“ категорияларында күч сынашты.

Аталган чемпионат спортчулар үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени анын жыйынтыктары спорттук разряддарды ыйгарууда эске алынып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамына тандалып, эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.