Бишкекте "Бактылуулуктун пантону" аттуу көргөзмө өттү

Маданият 31 Март 2025 09:42
FB_IMG_1743392042947.jpg
FB_IMG_1743392019338.jpg
FB_IMG_1743392057595.jpg
FB_IMG_1743392055523.jpg
FB_IMG_1743392052243.jpg
FB_IMG_1743392049792.jpg
FB_IMG_1743392045120.jpg
FB_IMG_1743392040814.jpg
FB_IMG_1743392024977.jpg
FB_IMG_1743392023132.jpg
FB_IMG_1743392021253.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1743392042947.jpg
FB_IMG_1743392019338.jpg
FB_IMG_1743392057595.jpg
FB_IMG_1743392055523.jpg
FB_IMG_1743392052243.jpg
FB_IMG_1743392049792.jpg
FB_IMG_1743392045120.jpg
FB_IMG_1743392040814.jpg
FB_IMG_1743392024977.jpg
FB_IMG_1743392023132.jpg
FB_IMG_1743392021253.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде сүрөт көргөзмө өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Көргөзмө сүрөтчү Рахат Керимбаевдин чыгармачылыгынын 30 жылдыгына арналганды.

Ага маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, Керимбаевдин сүрөттөрү адамдын жан дүйнөсүнө терең таасир берип, бактылуулуктун түрдүү өңүттөрүн даңазалаларын, бул көргөзмө анын эмгекчилдигинин, таланттуулугунун жана чыгармачыл сезимталдыгынын далили экенин белгилеп, чыгармачылык сапарындагы жаңы табылгаларды каалады.

Рахат Керимбаев көргөзмөсү “Бактылуулуктун пантону” аталып, объективде чагылдырылган 150дөн ашуун эмгеги коюлган.

Көргөзмөгө адамдардын бактылуу учурлары чагылдырылган картиналар орун алган:

Үйлөнүү тойлор – эки жүрөктүн биригиши.

Үй-бүлөлөр – үй-бүлө бекем болсо, мамлекет бекем болот.

Балдардын жылмаюусу – бала жылмайса, аалам жылмайат.

Карылар – карысы бардын ырысы бар.

Белгилесек, билеттерден жана сүрөттөрдөн түшкөн каражаттын 20% "Help the Children - SKD" фондуна онкологиялык жана оор дарты бар балдарга жардам катары берилет.