Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү реконструкциядан кийин ачылды

Коом Жүктөлүүдө... 02 Август 2026 13:00
IMG_4185.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 02.08.26. /Кабар/. Бишкекте 1-августтан тартып Ауэзов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү реконструкциядан кийин унаалардын кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, долбоордун алкагында жолдун коопсуздугун, ыңгайлуулугун жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган курулуш жана калыбына келтирүү иштеринин толук комплекси жүргүзүлгөн.

“Реконструкциянын жүрүшүндө жаңы асфальт-бетон жабуусу төшөлүп, тротуарлар курулуп, оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле инженердик коммуникациялар жаңыланып, жаан-чачын сууларын агызуу системасы орнотулду”, -деп айтылат маалыматта.