Бишкекте атлетчи 189 тонналык вагондорду 6,5 метрге жылдырды

Спорт 13 Апрель 2026 11:15
670474505_1261548669520299_7995351942838894045_n.jpg
670776368_1261548756186957_6990000173861199316_n.jpg
672078452_1261548562853643_261827442150716868_n.jpg
Алдыга
Артка
670474505_1261548669520299_7995351942838894045_n.jpg
670776368_1261548756186957_6990000173861199316_n.jpg
672078452_1261548562853643_261827442150716868_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Борбор калаадагы "Бишкек-1" станциясынан атлетчи Алексей Тепляшин сегиз бош жүк вагонун ордунан жылдыра алды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, спортчунун күчү менен курам 6,5 метр аралыкка жылдырылды. Ал эми анын жалпы салмагы 189 тонна 600 килограммды түзөт. Алексей Тепляшин күч экстреми менен беш жылдан ашуун убакыттан бери алектенип келет. Ал мыктарды ийип, болотторду сындырып, металл буюмдарды бурай алат.

Жарым жыл мурун атлетчи жалпы салмагы 165 тонна 900 кг болгон 7 вагонду жылдырган. Келечекте ал 9 вагонду жылдырууну максат кылат.