Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт Загрузка... 07 Апрель 2026 11:35
WhatsApp Image 2026-04-07 at 10.02.04.jpeg

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. 13-14-апрелде Бишкек шаарындагы “Жаштык” арена спорттук комплексинде чоңдор арасында алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Алыш федерациясынан билдиришти.

Чемпионатка Азиянын алдыңкы балбандары катышары күтүлүүдө. Атап айтканда, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Индия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн улуттук курама командалары күч сынашат.

Мелдешти Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы менен дүйнөлүк Алыш бел боо күрөшү федерациясы биргеликте уюштурууда.

Бел боо күрөшүнүн алыш түрү көчмөн элдердин эң байыркы жекеме-жеке оюндарынын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө эл аралык мелдештер системасында маанилүү орунду ээлейт.

Башталышы: саат 10:00, кирүү акысыз.