Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Бишкекте айыл чарба жарманкелери өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-октябрдан тартып, ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дыйкандар катышкан айыл чарба жарманкелери үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.
Жарманкелердин негизги максаты шаар тургундарын арзан баадагы айыл чарба азыктары менен камсыз кылууга көмөктөшүү, ошондой эле жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана ортомчуларсыз түз сатууну өнүктүрүү болуп саналат.
Жарманкелер төмөнкү даректерде өткөрүлөт:
- Биринчи май районундагы Т. Усубалиев аянты;
- Свердлов районундагы Токтогул жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Октябрь районундагы Н. Жетишкаева жана А. Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши.
Жарманкелерде эт жана сүт азыктары, жашылчалар, мөмө-жемиштер жана башка керектүү азыктар арзан баада түздөн-түз дыйкандар жана өндүрүүчүлөр тарабынан сатылат.
Дыйкандар жана ата мекендик айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жарманкелерди уюштурууга жана өткөрүүгө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен катышып жатышат.