Бишкекте аба ырайы өзгөрөт: катуу ысыктан кийин салкындайт

Коом Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 16:55
WhatsApp Image 2026-07-30 at 15.49.59.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарында 31-июлдан 6-августка чейин күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Ага ылайык, борбор калаада 31-июлда, 1-3-августта жана 4-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 4-августта күндүз жана 5-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 6-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

31-июль: түнкүсүн 19…21 күндүз 35…37

1-август: түнкүсүн 20…22 күндүз 36…38

2-август: түнкүсүн 21…23 күндүз 37…39

3-август: түнкүсүн 23…25 күндүз 35…37

4-август: түнкүсүн 22…24 күндүз 31…33

5-август: түнкүсүн 21…23 күндүз 31…33

6-август: түнкүсүн 20…22 күндүз 32…34.