Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жалпы 99 көчө жана 21 тротуарды оңдоо иштери башталган.
Мэриядан билдиришкендей, учурда 56 объектте иштер толугу менен аяктады.
Ленин районунда 20 көчөдө иштер башталып, анын 5 объектиси толук бүткөрүлдү; Октябрь районунда 15 көчөдө оңдоо иштери жүрүп, 7 объект пайдаланууга берилди; Биринчи май районунда 20 көчөдө иштер жүргүзүлүп, алардын 13ү аяктады; Свердлов районунда 22 көчөдө оңдоо иштери башталып, 16 объектте иштер толугу менен бүткөрүлдү.
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 22 көчөдө оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Алардын ичинен 3 объектте иштер аяктады. Мындан тышкары, унаалар үчүн оңго бурулуу тилкесинин эки участогу курулуп бүтүп, дагы эки участокто курулуш иштери уланууда.
Ал эми “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы 19 көчөдө оңдоо иштерин жүргүзүп, алардын 12синде иштерди толук бүтүрдү.
Ошол эле учурда “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы өзүнүн өндүрүштүк программасынын алкагында эки көчөдө тиешелүү иштерди аткарууда.