Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарында коомдук транспорттун каттамдарынын жүрүү схемасы өзгөртүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чара Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө автотранспорттун жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгендигине байланыштуу көрүлүүдө.
Убактылуу өзгөрүүлөр №3, №4, №17, №21, №24, №30, №50, №77 жана №226 каттамдарына тиешелүү.
Өзгөртүүлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле коомдук транспорттун үзгүлтүксүз жүрүүсүн жана жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу максатында киргизилди.
Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарынан жана борбор калаанын конокторунан каттамдардын жүрүү схемасындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, сапарларын алдын ала пландап алууну өтүндү.
"Унаалардын жүрүүсүнө киргизилген чектөө алынгандан кийин, аталган коомдук транспорт каттамдары мурдагы багыттары боюнча кайрадан жүрө баштайт", - деп айтылат маалыматта.