Бишкекте 8 автобустун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү

Коом Загрузка... 02 Март 2026 18:00
645731911_1391091269733390_3513015892293969450_n.jpg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобустун каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрөт.

Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы бөлүгү оңдоо иштерине, суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда жабылган.

Мындан тышкары, аталган тилкеде эски асфальт катмарын жана бордюрларды жаңылоо иштери жүргүзүлөт.