Бишкекте 6 спортчуга батир берилди – тизме

Спорт Загрузка... 26 Декабрь 2025 09:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Жаштык" аренада өтүп жаткан күрөш боюнча өлкө чемпионатына барып, 6 балбанга батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Анда Ташиев чемпионаттын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн куттуктап, аларга спорттук ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле салтанаттуу аземдин жүрүшүндө буга чейин, дүйнөлүк аренада ийгиликтерди жараткан 6 спортчуга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, батирлерди белекке берди. Алар:

  • Айпери Медет кызына (эркин күрөш) — 3 бөлмөлүү батир;
  • Асан Жанышовго (грек-рим күрөшү) — 2 бөлмөлүү батир;
  • Ихтияр Нишоновго (бокс) — 1 бөлмөлүү батир;
  • Омар Ливазага (бокс) — 1 бөлмөлүү батир;
  • Смадияр Жумакадыровго (грек-рим күрөшү, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батир;
  • Адилет Жапаркуловго (эркин күрөш, Сурдлимпиада оюндары) — 1 бөлмөлүү батир.