Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарында кышкы мезгилде жолдорду тазалоого 114 атайын техника толук даярдалды. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Бааркан Асанбаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ишкана алдыдагы 2026–2027-жылдардагы кышкы сезонго толук даяр. Учурда бардык автоунаалар жайкы мезгилден кышкы режимге өткөрүлүп, тиешелүү жабдыктар менен камсыздалды.
"Биздин штаттык сан толук, кызматкерлер жетиштүү. Иш орду туруктуу болгондуктан, кадр маселеси көйгөй жаратпайт", - деди Асанбаева.
Ошондой эле ишкананын кампаларында жолдорго себүү үчүн 600–700 миң тоннадан ашык техникалык туз топтолгон. Бул кыш мезгилинде борбор калаанын көчөлөрүн кардан жана муздан өз убагында тазалоого толук шарт түзөт.
Нестан Ибраева