Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Токтогул шаарында электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана жаңы конуштарды электр тармагына кошуу иштери жүргүзүлүүдө.
Мэриянын маалыматына ылайык, үч көчөгө жалпы 64 бетон мамыча орнотулуп, 8 чакырым электр зымдары тартылды. Ошондой эле Корма цех участогунда кубаттуулугу 160 кВА болгон трансформатор ишке берилди.
Иштер жергиликтүү бюджеттин, атайын эсептин жана тургундардын салымынын эсебинен каржыланууда.