Бишкек, 19.10.25. /Кабар/. Бишкекте 2025-жылдагы Экокеңештин чечимдерин аткаруу боюнча масштабдуу түрдө көчөт отургузуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акциянын алкагында борбор калаада 10 миң бак-дарак отургузулат. Өзгөчө көңүл мектептердин айланасына бурулат. Көчөттөрдүн бийиктиги 2 метрден 5 метрге чейин жетет.
Санак жүргүзүү үчүн ар бир райондогу бактарга аймактын административдик тиешелүүлүгүнө жараша түрдүү түстөгү тасмалар байланды.
Мэр Айбек Жунушалиев шаар тургундарын жашыл аймактарга кам көрүүгө чакырды.