Бишкек, 18.07.26. /Кабар/. Саркынды суу түтүктөрүн куруу иштерине байланыштуу 18-19-июль күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Нарын шаарынын 64 аймагынан өткөн бөлүгүндө жол бир тараптуу жабылат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
Мэрия айдоочулардан убактылуу ыңгайсыздыкты туура түшүнүү менен жол эрежелерин сактоого, өзгөчө түнкү каттамдарда этият болууга чакырат.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен калкты таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу системасын калыбына келтирүү долбоорунун алкагында жалпы 12 чакырым канализация тутуму жаңы курулуп, саркынды суу тазалоо жайы курулууда.