Бишкек, 22.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарына акыркы эки жылда 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын коллегиясынын жыйынында маалымдалды.
Тартылган каражаттар коммуналдык жана социалдык инфраструктураны жаңылоого, таштандыларды кайра иштетүүгө, заманбап көп функционалдуу комплекстерди курууга жана шаардык объектилерди модернизациялоого багытталууда.
"Учурда инвестициялык долбоорлордун арасында таштандыларды кайра иштетүү жана энергия өндүрүү, тазалоочу курулмаларды жаңылоо жана ири көп функционалдуу комплекстерди куруу долбоорлору бар", - деп айтылат маалыматта.