Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык мекемесинин Telegram-боту тесттик режимде иштөөдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин тапшырмасы менен автоматташтырылган маалыматтык тутумдун базасында “Бишкекбашкыархитектуранын” Telegram-боту түзүлгөн. Анын жардамы менен шаардын жашоочуларынын керектүү маалыматтарды алуусу жана мекеменин “Бирдиктүү терезесине” тапшыруу үчүн документтерди чогултуусу жеңилдейт.
Telegram-боттун “Суроо-жооп” бөлүгү шаар куруу, архитектура жана курулуш маселелери боюнча мекемеге кайрылган тургундардын көп берилүүчү суроолоруна негизделген. Виртуалдык жардамчы 14 негизги суроого жооп берет, алардын ичинде суб-темалар да бар. Алдыда суроолордун саны акырындап көбөйө тургандыгы айтылды.
Учурда Telegram-бот кайра байланышуу жана анын иштешин жакшыртуу үчүн тесттик режимде иштеп жатат. Кийинки этапта жасалма интеллект менен интеграциялоо пландаштырылууда. Бул колдонуучулардын суроо-талаптарына так жана тезирээк жооп берип, алардын өз ара аракеттенүүсүнүн сапатын кыйла жакшыртмакчы.
- Telegram-бот менен байланышуу үчүн https://t.me/suroo_bga_bot шилтемесине өтүңүз;
- маектешүү терезеси ачылганда Start командасын басыңыз;
- сизди кызыктырган суроону тандап, керектүү маалыматты алыңыз.