"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы электр энергиясын үнөмдөөнүн ыкмалары менен бөлүштү

Коом Загрузка... 03 Март 2025 12:40
copyright icon www

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы электр энергиясын үнөмдөөнүн ыкмалары менен бөлүштү.

Энергия үнөмдөөчү лампаларын колдонуңуздар:

Кадимки лампаларды энергияны үнөмдөөчү LED лампаларына алмаштырыңыз. Алар энергияны аз сарпташат жана колдонуу мөөнөтү көбүрөөк болот. Үйдү жарыктандыруу үчүн электр энергиясын 50%га чейин үнөмдөөгө болот.

Электр приборлорун токтон ажыратыңыздар:

Электр приборлорун колдонбогон учурда, токтон ажыратып туруңуздар. Алар токтон өчүрүлбөгөн кезде да электр энергиясын коромжулап турат.

Энергияны үнөмдөөчү приборлорду колдонууну сунуштайбыз:

«А» жана андан жогору энергияны сарптоочу тиричилик техникаларын сатып алыңыз.

Натыйжалуу жылуулагыч шаймандарын орнотуп алыңыздар:

Үйүңүздүн жакшы изоляцияланганын текшериңиз. Бул сиздин үйүңүздү кышында жылуу, жайында салкын кармап, жылытуу менен аба муздаткычтардын жүгүн азайтат.

Кубаттандыруучу түзүлүштөрдү колдонгон соң, өчүрүп туруңуздар:

Электр энергиясын керексиз колдонулбашы үчүн кубаттандыруучу түзүлүштөрдү электр туташтыргычтарынан өчүрүп туруңуздар.

Бул жөнөкөй иш-чараларды күнүмдүк жашооңузга киргизүү энергияны үнөмдөөгө жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга алып келет. Бул кадамдар энергияны үнөмдөөгө гана жардам бербестен, электр энергиясына болгон төлөмдөрдү азайтууга да жардам берет.

Бөлмөдөн чыгып жатып жарыкты өчүрүп, керексиз шаймандарды өчүрүү менен биз эртеңки күнүбүздүн жаркын келечегине биринчи кадамды жасайбыз. Энергияны үнөмдөө бул жөн гана эрежелердин жыйындысы эмес, бул биздин өлкөнүн энергетика тармагын сактап калууга салым кошуу мүмкүнчүлүгүбүз.