Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургундары электр жарыгысыз калды.
Шаардыктардын маалыматына караганда, жарык саат 13:20лар чамасында өчүп, турак жайлар, социалдык мекемелер жана административдик имараттар жарыксыз калган.
Бишкек электр тармактар ишканасынын алдын ала маалыматына караганда, кандайдыр бир авария болгон.
Азыркы учурда адистер электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Социалдык тармактардын колдонуучулары жол чырактары иштебей жатканын, соода борборлорундагы үзгүлтүктөр, суу электр насостору менен берилген айрым райондордогу кыйынчылыктар тууралуу жазышууда.