Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Бишкек менен Тбилиси шаарларынын ортосунда муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-октябрда Тбилиси шаарында Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев Тбилиси шаарынын мэринин орун басары Георгий Ткемаладзе менен жолугушту.
Анда инфраструктураны өнүктүрүү, коомдук транспорт, коомдук жайларды көрктөндүрүү маселелери жана эки шаардын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү маселеси талкууланды. Тараптар байланыштарды мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.
Иш сапардын алкагында Бишкек шаарынын делегациясы “Тбилисоба 2026” майрамына арналган иш-чараларга катышып, аталган шаардагы асма транспорт системасы менен таанышты. Ошондой эле асма жол долбоорлорун ишке ашырган австриялык Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда Бишкекте асма жол куруу долбоорун иштеп чыгуу боюнча мүмкүн болгон кызматташтыктын багыттары талкууланды.