Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту.
Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, өзгөчө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушууларынын жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарлардын натыйжасында жетишилген макулдашуулардын терең маанилүүлүгү белгиленди.
Анда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамлекеттик чек араларда жайгашкан "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу соода-сатык жогорку деңгээлде болгону айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба тармагындагы Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Кытайдын өкмөтү ортосунда, ошондой эле эки тараптын компаниялары ортосунда буга чейин кол коюлуп, жетишилген бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери сүйлөшүлдү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков өзгөчө коңшу жашаган эки элдин кызматташтыгын өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин, ошол себептүү акыркы жылдары кыргыз-кытай байланышы жигердүү өнүгүп жатканын жана мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк дагы да бекемделерине ишенимин билдирди.