Бишкек жана Ош ЖЭБдерин отун менен камсыздоо иштери жүрүүдө

Коом 9 октябрь 2026 18:50
Бишкек жана Ош ЖЭБдерин отун менен камсыздоо иштери жүрүүдө
copyright icon WWW

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономика тармактарынын жана калкынын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү.

Жылытуу мезгилине карата аткарылган иштер жана даярдыктар боюнча Энергетика министрлигинин, Бишкек жана Ош шаарларынан мэрияларынын, министрликтердин жана ведомстволордун, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн баяндамалары угулду.

Анда Бишкек, Ош шаарларынын ЖЭБдерин отун менен камсыздоо иштери план боюнча аткарылып жаткандыгы айтылды.