Бишкек – Ош жолунда мунай зат ташуучу унаа өрттөнүп, эки адам каза тапты

Кырсык Загрузка... 25 Январь 2026 16:10
WhatsApp Image 2026-01-25 at 15.59.58.jpeg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 25.01.26. /Кабар/. Бишкек – Ош жолунда мунай зат ташуучу унаа өрттөнүп, эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунун 140-чакырымында мунай зат ташуучу унаадан өрт чыккандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:36да бир бөлүм тартылып, саат 14:44тө тилсиз жоо толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 2 адам каза болду, учурда өздүгү такталууда.

Кырсык катталган жол эки тараптуу ачылып, унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат.