Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда бороон токтоп, унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө

Коом 27 март 2025 15:47
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда бороон токтоп, унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда бороон токтоду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда жолдон унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 500-544-чакырымдар аралыгында (Ат-Башы району) жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүп жатканы айтылган.