Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын бир бөлүгү 6 тилкелүү болуп кеңейтилип, акы төлөнүүчү жол болору пландалууда

Коом 1101 28 Февраль 2025 10:13
1060201513_0_321_3071_2048_1920x0_80_0_0_325cd50cdd21779909534fb46899a3a3.jpg
480364492_945926507716096_2545879805169923349_n.jpg
Алдыга
Артка
1060201513_0_321_3071_2048_1920x0_80_0_0_325cd50cdd21779909534fb46899a3a3.jpg
480364492_945926507716096_2545879805169923349_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун бир бөлүгүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде оңдоп-түзөп, акы төлөнүүчү жол кылуу пландалууда.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, план боюнча аталган жолдун 30,6 чакырымдан 90-чакырымга чейинки бөлүгү жаңыланып, 6 тилкелүү болот. Аны куруу үчүн министрлик инвесторлорду издөөдө. Жол реконструкциядан өткөндөн кийин акы төлөнүүчү болот. Ага альтернативдүү жол катары ички Бишкек – Нарын – Торугарт жолу кызмат кылары кабарланды.

“Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө акы төлөнүүчү жана бекер жолдор аркылуу каттамдарды тандоо барган сайын көбөйүүдө. Жолдун өзүн-өзү камсыздоосу маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат. Бул ыкма жолду курууга жана күтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн киргизилүүдө. Жол көздөгөн жериңизге тезирээк жетүүгө мүмкүндүк түзөт”, — деп айтылат маалыматта.

Инвесторлор төмөнкү даректерге кайрылса болот: Бишкек шаары, Н. Исанов көчөсү 42

Байланыш номерлер: 0 (312) 31 43 13; 0 (312) 31 42 91

Почта: mtdgovkg@mail.ru