Мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 17 июль 2025 16:34
Мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы алмашты
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Бакыт Шеримбеков ээлеген кызматынан бошотулду.

Мэриядан билдиришкендей, анын ордуна Талгат Бекбоев дайындалды, ал буга чейин Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кол койду.