Бишкек менен Чүйдө сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын лабораториялары текшерилди

Коом Загрузка... 17 Апрель 2026 10:00
672391335_122209495718341273_2527702360657145675_n.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан Бишкек шаары жана Чүй облусунун райондорунда чийки сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын көзөмөлдөөчү лабораторияларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда сүт ишканаларына чийки сүттүн сапатын лабораториялык көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп, техникалык регламенттин талаптарын сактоо боюнча кеңештер берилди.

Сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын лабораторияларында ветеринардык каражаттардын калдыктарын аныктоо иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Учурда лабораторияларда негизинен антибиотиктердин айрым түрлөрү — левомицетин, тетрациклин, стрептомицин жана пенициллин текшерилет.

Ал эми башка антибиотиктердин (жалпы 75 түрү) калдыктары мамлекеттик мониторингдин алкагында Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда аныкталат.

Мындан тышкары, лабораториялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү максатында аккредитациядан өтүү зарылдыгы белгиленип, тиешелүү сунуштар берилди.