Бишкек менен Чүй облусунда абанын сапаты жакшырды

Экология Загрузка... 02 Февраль 2026 12:10
1137224.8e10d4544ac.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Көмүр жагуу Бишкек менен Чүй облусунда абанын булганышынын негизги булагы болуп саналат, ал дээрлик 40% түзөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ошондой эле ал белгилегендей, эски унаалардан чыккан түтүн 30%, жылуулук электр борборунан чыккан зыяндуу заттар 15%, шамал учурган чаң 13,5% жана өнөр жай ишканаларынан чыккан зыяндуу заттар 1,5% түзөт.

“Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, акыркы эки жылда аймактагы абанын сапаты жакшырды. Көмүрдү керектөөнү азайтуу үчүн газдаштыруу иштери жүрүп жатат. 2023-жылы республикалык бюджеттен 8% пайыздык чен менен насыялар бериле баштаган, ал эми быйыл 150 миң сомго чейинки насыялар үчүн пайыздык ченди 3%га чейин төмөндөтүүгө жетиштик. Быйыл бул багытта Дүйнөлүк банк менен 50 млн долларлык насыя келишими жана KOICAнын 10 млн долларлык гранттык долбоору да башталды”, - деп айтты министр.