Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен 12-апрелине чейин Бишкектеги "Жаштык" аренада спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. 6-8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү, 9-10-апрелде эркин күрөш жана 11-12-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер орун алмакчы. Бул маанилүү окуяга байланыштуу "Кабар" агенттиги Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокеловду сөзгө тартып, даярдык иштери тууралуу маалымат алды.
— Кыргызстанда өтчү Азия чемпионатына даярдыктар кандай жүрүп жатат?
— Азыркы учурда чемпионатты өткөрүүгө даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Уюштуруу комитети түзүлүп, бардык негизги багыттар – спорттук бөлүк, логистика, аккредитация, коопсуздук жана медиа иштер пландалган график боюнча аткарылууда. Эл аралык күрөш федерациясы UWW тарабынан коюлган талаптарга ылайык бардык иштерди координациялап жатат.
— Мелдештер "Жаштык" аренада өтөрү айтылды эле. Бул жер чемпионат өткөрүү үчүн тиешелүү стандарттарга жооп береби?
— Ооба, "Жаштык" арена толугу менен UWW талаптарына ылайык даярдалууда. Аренада күрөш килемдеринин жайгашуусу, жарыктандыруу, медиа жана ТВ инфраструктурасы, ошондой эле спортчулар үчүн жылынуу залдары, тараза аянты, call room сыяктуу жана башка бардык шарттар эл аралык стандарттарга ылайык уюштурулууда.
— Азия чемпионатына канча өлкөдөн, канча спортчунун катышуусу күтүлүп жатат? Конокторду кабыл алуу жана жайгаштыруу маселеси кандай чечилди?
— Азия чемпионатына 20дан ашык өлкөдөн жүздөгөн спортчулардын катышуусу күтүлүүдө. Делегациялар үчүн 3-4 жылдыздуу мейманканалар даярдалып, бардык катышуучулар транспорт, тамак-аш жана логистика менен толук камсыздалат. Эл аралык талаптарга ылайык, бардык конокторду кабыл алууну системалуу уюштуруу аракети көрүүдөбүз.
— Кыргызстандан канча балбан катышат жана курама команданын мүчөлөрү кандай критерийлер менен тандалды?
— Курама команданын курамы жыл башында өткөн Кыргызстандын чемпионатынын жыйынтыгы жана эл аралык рейтингдик мелдештердеги көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлдү. Ал эми талаштуу учурларда балбандар ортосунда кошумча тандоо беттештери (перекидка) өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Курама команданын курамы:
- эркин күрөш – 10 балбан;
- грек-рим күрөшү – 10 балбан;
- кыз-келиндер күрөшү – 9 балбан.
Ошентип, ар бир салмак категориясында эң күчтүү жана туруктуу жыйынтык көрсөткөн балбандар Азия чемпионатында өлкө намысын коргомой болушту.