Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Эгерде 2022-жылы Бишкек эл аралык кинофестивалынын бюджети 24 млн сомдун тегерегинде болсо, бүгүнкү күндө ал болжол менен 80 млн сомдон ашты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков билдирди.
Анын айтымында, алдыда турган эң башкы милдет кыргыз киносун дүйнөлүк коомчулукка мындан ары да илгерилетүү, ал эми Бишкек эл аралык кинофестивалын кесиптик байланыштарды өнүктүрүү, аларга дем берүү жана чыңдоо үчүн уникалдуу аянтчага айлантуу болуп саналат.
Ал ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы катары мамлекет башчысынын 2022-жылы кол койгон кинематографияны колдоо жөнүндө жарлыгы болгонун белгиледи.