Бишкек – Кашка-Суу жолунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы: шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 15 Май 2026 09:35
235314.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Бишкек – Кашка-Суу унаа жолунда жол кырсыгы катталып, беш адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан “Кабар” агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-майда Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө жол кырсыгы болгондугу жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Алдын ала текшерүүдө Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында 22 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну К. уулу И. Honda Torneo үлгүсүндөгү унааны катуу ылдамдыкта айдап баратып, рулга ээ боло албай калып, жол тилкесинен чыгып кеткен. Натыйжада унаа жолдун четинде турган адамдарды сүзгөн.

Жол кырсыгында алган жаракаттарынан улам 5 адам - 29, 15, 6, 4 жана 2 жаштагы наристе каза тапты.

Милициядан белгилешкендей, учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын башкаруу эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин алкагында шектүү К. уулу И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.