Бишкек бүгүн дүйнөлүк саясаттын маанилүү борборуна айланууда – Жекшенкулов — Кабар

Бишкек бүгүн дүйнөлүк саясаттын маанилүү борборуна айланууда – Жекшенкулов

Пикир 31 август 2026 12:50
WhatsApp Image 2026-08-31 at 09.44.51.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин Бишкекте өтүшү Кыргызстандын эл аралык аренадагы маанисин арттырат. Бул тууралуу саясатчы Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн ШКУнун таасири аймактык деңгээлден чыгып, глобалдык мейкиндикке кеңейүүдө.

“Шанхай кызматташтык уюму барган сайын күч алып, анын таасири аймактык деңгээлден глобалдык Түштүккө жылып жатат. Батыш менен глобалдык Түштүктүн ортосундагы тирешүүнүн фонунда ШКУга мүчө болгон Кытай, Россия, Индия сыяктуу мамлекеттер экономикалык жана адамдык потенциалды өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатышат.
Ошондой эле бүгүн ШКУнун мындан аркы өнүгүүсү тууралуу сөз болот. Бул коопсуздук, саясат жана экономика маселелери менен гана чектелбестен, маданий-гуманитардык жана руханий багыттарды да камтыйт. Региондо туруктуулук орноп, мамлекеттер өнүгүүнүн жаңы баскычына өтүп жатышат. Баарында өнүккөн, экономикалык жана технологиялык жактан алдыга жылган мамлекеттерди курууга умтулуу бар”, — деди ал.

Саясатчы ШКУ өлкөлөрү адам капиталын өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

“Өзгөчө көңүл адам капиталына, башкача айтканда, ШКУга мүчө мамлекеттердин жарандарынын өнүгүүсүнө бурулууда. Эң негизгиси — аймактык жана глобалдык коопсуздукту өз ара түшүнүшүү, урматтоо жана тең укуктуулук принциптеринин негизинде бекемдөө турат. Бүгүнкү күндө адамзат үчүн маанилүү болгон жасалма интеллект, санариптик технологиялар, билим берүү сыяктуу глобалдык күн тартибиндеги маселелер талкууланат.
Андан сырткары, ШКУга мүчө өлкөлөр дүйнөлүк саясат, глобалдык экономика, адамзаттын, анын ичинде руханий өнүгүүсү боюнча маселелерде биригип жатышат. Бул абдан маанилүү. Анткени бүгүн адамзат көп полярдуу дүйнөнү кабыл алды. Бир мамлекеттин экинчи мамлекетке үстөмдүк кылууга аракеттенген доору бара-бара артта калууда. Айрым өлкөлөрдүн бир полярдуу дүйнөнү сактап калууга болгон аракети бүгүн көпчүлүктү канааттандырбайт. Ушул жагынан алып караганда, бүгүн Бишкек шаарында дүйнөлүк саясаттын, экономиканын жана адамзаттын өнүгүүсүнүн маанилүү маселелери талкууланып жатканы чоң мааниге ээ” — деп жыйынтыктады Жекшенкулов.