“Бишкек Аренага” кантип жетсе болот: Шаттл-автобустардын жүрүү убактысы

Көчмөндөр оюндары-2026 27 августа 2026 11:45
539424016_3534473346695839_9142987562306476972_n.jpg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. 31-августта "Бишкек Аренада" өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата Бишкектен акысыз шатлл-автобустар каттайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаттл-автобустар саат 14:00дөн 16:00гө чейин 21 жөнөө пунктунан чыгат. “Бишкек Аренага" акыркы автобус саат 16:00дө кетет.

Автобустарга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билети же иш-чарага чакыруусу бар көрүүчүлөр түшө алышат.

Шаттл-автобустар жөнөйт турган даректер:

  • Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
  • Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
  • А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
  • Ак-Кула автобекети - Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13B/1;
  • Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
  • Тунгуч кичи району, 64/1, акыркы аялдама;
  • Аул көчөсү, 10A/1 (Кожзавод);
  • Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
  • Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
  • Алтымышев көчөсү, 98/1;
  • Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
  • Эркиндик бульвары, 1/A (Темир жол бекети);
  • Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 (мурдагы Жаш Гвардия бульвары);
  • Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
  • Шабдан Баатыр көчөсү, 52 (азыркы Чүй проспектиси), (ДЭПО-2);
  • Москва көчөсү, 239, 4-электр автобусунун (ДЭПО-1) акыркы аялдамасы;
  • Дэн Сяопин проспектиси, 209 (азыркы Чүй проспектиси);
  • Тимур Фрунзе көчөсү (Айыл чарба институту);
  • Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
  • Тыналиев көчөсү, 16.
"Ачылыш аземи аяктагандан соң көрүүчүлөр стадионго келген багыты боюнча ошол эле каттам менен жүргөн шаттл-бустарды пайдаланышы керек. Бишкек мэриясы көрүүчүлөрдү акысыз шаттл-транспорттун кызматынан пайдаланууга жана "Бишкек Аренага" өз убагында жетип, салтанаттуу азем башталганга чейин өз орундарын ээлеп калуу үчүн жөнөп кетүү пунктуна алдын ала келүүгө чакырат",-деп айтылат маалыматта.