Бишкек, 18.07.2026. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 19-25- июлдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, борбор калаада 19–20-июлда жана 21-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 21-июлдан 25-июлга чейин күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 22-июлда жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн негизинен жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
19-июль: түнкүсүн 25…27 күндүз 41…43
20-июль: түнкүсүн 25…27 күндүз 39…41
21-июль: түнкүсүн 24…26 күндүз 35…37
22-июль: түнкүсүн 20…22 күндүз 27…29
23-июль: түнкүсүн 18…20 күндүз 28…30
24-июль: түнкүсүн 18…20 күндүз 28…30
25-июль: түнкүсүн 19…21 күндүз 29…31