Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Австриянын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Беате Майнль-Райзингер менен жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде австриялык тараптын демилгеси менен өткөн эки министрдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн уландысы болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер кыргыз-австрия кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Тараптар саясий диалогду кеңейтүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган эки тараптуу алакаларды мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Европа биримдигинин санкциялык саясатына токтолуп, Жээнбек Кулубаев бир тараптуу чектөө чараларынын Кыргызстанга жана жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнө тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирине тынчсыздануусун билдирди.
Ал эл аралык экономикалык жана коммерциялык байланыштарды саясатташтырууга каршы экенин белгилеп, кыргыз тарап өз ара пайдалуу чечимдерди табуу үчүн ачык жана конструктивдүү диалогго даяр экенин баса белгиледи.
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары эл аралык аренада тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту.
Анын ичинде 2027-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өткөрүү пландалып жаткан экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү жана аны өткөрүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого берилгендигин ырасташты.